Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери ыктыярдуу кан тапшыруу өнөктүгүнө катышуу үчүн медициналык кароодон өтүштү. Натыйжада, үч кызматкер донорлукка жарактуу деп табылып, кан беришти.
Райондук администрациядан билдиришкендей, 12-августта мамлекеттик мекемелердин жетекчилери дагы ыктыярдуу түрдө кан тапшырат.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 4-августта мамлекеттик кызматкерлерди активдүү жарандык позиция көрсөтүүгө жана ыктыярдуу донор болууга чакырган. Ал кан тапшыруу – адам өмүрүн сактап калууга жардам берерин белгилеп, мамлекеттик кызматкерлер коомго үлгү болушу керектигин кошумчалаган. Ошондой эле мекемелерге мындай өнөктүктөрдү уюштуруп, бардык шарттарды түзүү тапшырылган.

