"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Алгачкы ирет кыргызстандык айым «Ак илбирс» наамын алды

Кыргызстандык белгилүү альпинист Асел Байбагышева Тажикстандын Озоди (7105 м) жана Исмоили Сомони (7495 м) чокуларына чыгып, «Ак илбирс» наамын алган өлкөдөгү алгачкы айым болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Байбагышева 4-июнда Тажикстанга сапар алган. 17-июлда Озоди чокусун, 4-августта Борбор Азиядагы эң бийик чоку — Исмоили Сомонини ийгиликтүү багынтты.

“Ак илбирс” — мурдагы СССР аймагындагы 5 жети миң метрлик чокуну багындыргандарга берилүүчү наам. Бул наамга ээ болгондорго атайын төш белги ыйгарылат.