"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрү убактылуу жабылат

Эртең, 12-августтан тарта Бишкектин батыш тарабындагы Дэн Сяопин көчөсүнүн Фучиктен Интергельпого чейинки жана Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу 23-августка чейин жабылат.

Мэриянын маалыматына ылайык, 11-августтан тарта Фучик көчөсүнүн Чүй проспектинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да оңдоо иштери жүрүп, жол 31-августка чейин автоунаалар үчүн жабык болот. Муниципалитет шаардыктарга маршрутту алдын ала пландап, коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады.