Бүгүн, 11-августта, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Аны Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров коштоп жүрдү.
Сапардын алкагында Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жана облустун аймагында жүрүп жаткан бир катар курулуш иштерин көрүп чыкты. Алардын ичинен “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркынын курулушу менен таанышты. Камчыбек Ташиев паркты Президенттин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү маселесин карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле паркта толук реконструкция жүргүзүп, туристтик жана экологиялык шарттарды жакшыртуу боюнча тиешелүү кызматтарга көрсөтмө берди.
Белгилей кетсек, Нарында 15 млрд сомдук 127 ири долбоор ишке ашууда.

