"Эркин-Тоо"
Колдоонун алкагында Эркин Тоо гезити

КЕЗЕК МАДАНИЯТ ТАРМАГЫНА ЖЕТТИ

Акыркы жылдары өлкөбүздө мыйзам, тартип менен иш алып баруу, коррупцияга бөгөт коюу, өлкө казынасына зыян келтиргендердин мыйзам алдында жооп берүүсү өңдүү олуттуу иш-аракеттер болуп жатканы анык. Кыргызстандын жаркын келечегине арналган мындай арыштуу, натыйжалуу иштерди ар бир кыргызстандык кубаттаары бышык. Ал эми өлкөнүн байлыгы болгон элдин рухий дүйнөсүн, салт-санаасын сактап калууда, коомдо агартуучулук вазыйпаны аткарууда маданий ишмерлердин аткарган жүгү ары жооптуу жана сыймыктуу.

“Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында тарыхый мурастарды сактоо, изилдөө жана реставрациялоо иштерине 584 млн 74 миң сомдон ашык акча каражат бөлүнгөн. 2024-жылга – 156 935,6 миң сом, 2025-жылга – 131 116,5 миң сом, 2026-жылга – 193 154,2 миң сом, 2027-жылга – 102 868,3 миң сом каралган. Негизги максат – тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого, иликтөөгө арналат. Ошондой эле археологиялык казууларды жүргүзүүдө мамлекеттик колдоону күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле аларды билим берүү жана туристтик чөйрөдө пайдалануу үчүн зарыл шарттарды жана инфратүзүмдү түзүү каралган.

Мындан тышкары мамлекеттик каржылоонун күчү менен көптөгөн адабий китептер басылып чыгып, жаңы спектаклдер коюлуп, театрлар өлкө ичинде гана эмес, чет өлкөлөргө дагы гастролдорго чыгып баштаганын айта кетели. Маселен, 2025-жылга өлкө казынасынан маданият тармагына 3 млрд сом каралган. Республиканын бардык аймактарындагы маданий объекттердин инфраструктурасын жакшыртууга көңүл бурулууда. Ал эми мамлекеттик масштабдагы маданий иш-чараларды өткөрүүгө министрликке заманбап музыкалык аспаптар, акыркы үлгүдөгү LED экрандар, үн күчөтүүчү жабдыктарды алууга 1 миллиард сом жумшалган. Артисттер үчүн жаңы формалар тигилип, союз убагынан бери алмашпаган музыкалык аспаптар жарым миллиард сомго алынып, жаңыланды. Ал эми “Кыргызфильм” менен “Кыргыз Сериал” бирикмелерине кино тартууга мамлекет жалпы 500 млн сом бөлгөн.

Маданият үйлөрү, китепканалар жаңы багыт менен

Ал эми аймактардагы маданият үйлөрүнүн жана айылдык китепканалардын ишмердигин реформалоо өлкө саясатынын негизги багыттарынын бири. Буга багытталган тескемени 23-июлда Министрлер Кабинети кабыл алды. Президенттин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, маданият үйлөрүн жана айылдык китепканалардын ишмердигин реформалоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында турган китепканалар кайра уюштурулат. Бүгүнкү маалыматтык технологиялардын жана санариптик ресурстардын тез өсүшүнүн шартында китепканалар, өзгөчө айыл жерлеринде олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатканын жашырууга болбойт. Ушуга байланыштуу бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, китепкана тармагын оптималдаштыруу зарылдыгы бар. Бул максатта Министрлер Кабинети Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине типтүү көп функциялуу маданий борбордун концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Имараттарды оңдоо иши

Маданият имараттарын оңдоо, жаңыларын салуу иштери колго алынып, өлкө казынасынан каражаттар бөлүнө баштады. Мисалы, көп жылдан бери багы ачылбай келген Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки оңдоп-түзөөдөн өтүп, акыркы бир жылдан бери жаркырап, жаңы дем менен иш алып барууда. Кыргыз улуттук драма театры да жаңыланган. Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында оңдоо иши жүрүүдө. Мамлекеттен театрга 40 млн сом бөлүнгөн. Бул каражат менен театрдын жабдыктары да жаңыртылды. Жер-жерлердеги театр, маданий жайлар да көз жаздымда калган жок. Жакында Нарын шаарында 3 кабаттан турган искусство, маданият жана инновация борборун куруу башталып, мезгил кутучасы салынды. Мында музей, китепкана, кинотеатр камтылып, заманбап шарттары менен салынат. Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан маданият үйүндө курулуш иштери кызуу журүп жатат. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Жакында Түп районунун Талды-Суу айылында 220 орундуу маданият үйү ачылды. Таластагы Айтматов районунун Жоон-Дөбө айылындагы Т.Жумакулов атындагы маданият үйүнүн капиталдык оңдоо иштеринин 62 пайызы аяктап калды. Аны менен катар өлкөдө жаңы спорт аянтчалары, ири стадиондор курулууда.

Маданий окуу жайлар жана жатаканалар

Ушу тапта Маданият, маалымат жана жаштар министрлигине караштуу окуу жайлар жана жатканалардын абалын жакшыртуу тапшырмасын аткаруу иштери башталды. Бул багытта жакынкы күндөрү министр Мирбек Мамбеталиев өлкө аймактарындагы маданий жайлардын абалы менен таанышууну баштаганы жатат. Ал эми Бишкектеги маданий окуу жайлар, жатаканаларды оңдоо зарылдыгы, жаңысын куруу боюнча анализ жүргүзүү иши башталган. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы жана жатаканасы менен жеринен таанышты. Анда окуу жайдын жылытуу системасын жаңылоо маселеси бар экени белгилүү болду. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын эски имаратынын ордуна жаңы заманбап окуу жай куруу иштери башталды. Ушуга байланыштуу студенттердин окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн убактылуу С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасына көчүрүү чечими кабыл алынды. Министрлик тарабынан учурда жатакананы окуу жылына даярдоо иштери жүрүүдө. Атап айтканда, жатакананын чатырын оңдоо, эски электр жабдууларын жана эшиктерди алмаштыруу иштери аткарылууда. Алдыда китепканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, китеп сактоо бөлмөлөрүнүн, окуу залдарынын, жер төлө жана чатырдын абалын текшерүү улантылып, зарыл болгон жайларга оңдоо иштери жүргүзүлөт. Негизинен өлкөбүздө бардык тармакка каражат текши бөлүнүп, 7 дубанда иш кызуу жүрүп жатканына элдин көңүлү толуп турганын белгилөөгө болот. Анын ичинде театр, кино, сериал, опера, музей, китепкана, музыкалык мектептердеги алгылыктуу иштер, өнөр сересиндеги адамдар үчүн дем болоору, бул тармактын аброюн көтөрөрү анык. Буга улай, жакында Ош шаарынын мэриясы тарабынан Москвадагы Михаил Щепкин атындагы театралдык институтту бүтүрүп келген Ош улуттук драма театрынын 22 жаш артистине батирлердин берилиши, алардын ишине, келечегине болгон ишенимин дагы да бекемдээри бышык.

Мээрим Бактыбек кызы