"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Мыйзамдар

Президент мамлекеттик тилди колдонуу боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына мамлекеттик тилди колдонуу маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жана КРнын мыйзамдарынын:

  • «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары жөнүндө»;
  • «Жарнама жөнүндө»;
  • «Тышкы миграция жөнүндө»;
  • «Кыргыз Республикасындагы микрокаржы уюмдары жөнүндө»;
  • «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө»;
  • «Телевидение жана радио уктуруу жөнүндө»;
  • «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»;
  • «Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө»;
  • «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө»;
  • «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө»;
  • «Нотариат жөнүндө» — ченемдерин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Президент кол койгон «Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзамы Жогорку Кеңештин депутаттарына, КР Министрлер кабинетинин төрагасына жана КР Министрлер кабинетинин башка мүчөлөрүнө, КР Улуттук банкынын кызматкерлерине, судьяларга жана прокурорлорго мамлекеттик тилди билүү талаптарын белгилөө бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарын КРнын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик тилди колдонууга байланышкан 12 мыйзамга жана жети Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилди.

Мыйзамдагы негизги учурлар:

🔻депутаттыкка талапкерлер, прокурорлор, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик орган жетекчилери, судьялар, Улуттук банктын кызматкерлери Министрлер кабинети аныктаган деңгээлде кыргыз тилин билүүгө милдеттүү;

🔻сот процесстери мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек. Бирок расмий тилди да колдонсо болот;

🔻бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо кыргыз тили окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болушу керек;

🔻жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мыйзам талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши үчүн жергиликтүү орган менен макулдашылышы зарыл;

🔻керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө аудиовизуалдык, музыкалык жана башка программалардын 60 пайызы мамлекеттик тилде болушу шарт;

🔻көпчүлүккө айтылган бардык маалымат (кулактандыруу, жарыя, көрнөк) алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы кажет.

Мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 25-июнунда кабыл алган.