Жалал-Абад облусунун Казарман айылындагы аэропорт оңдоп-түзөөдөн өтүп, жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирди.
Жаңылоо иштеринин алкагында 1 840 метрлик учуп-конуу тилкеси, учак жолдору, унаа токтотуучу жайлар жана аэробекет оңдолду. Аэропорт салмагы 22 тоннага чейинки учактарды кабыл алат жана күндүзгү убакта иштейт.
Аталган аэропорт 1940-жылдардан бери иштеп, азыркы имараты менен тилкеси 1985-жылы курулган. Мурда Бишкек, Ош жана Жалал-Абадга каттамдар жүргүзүлүп турган.
«Сентябрь айынын башында мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы Казарманды Бишкек менен байланыштырган үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизүүнү пландап жатат», — деп айтылат маалыматта.

