"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эми Нарынга учак менен жетсе болот

Үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрынан тарта мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек–Нарын каттамын ишке киргизет. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту маалымдады.

Маалыматка ылайык, билеттердин баасы 2100 сомдон башталат жана аларды Asman Airlines мобилдик тиркемеси, asmanairlines.kg сайты аркылуу сатып алууга болот.