"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эки-Нарында көпүрө кулап, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу изделүүдө

Эки-Нарындагы көпүрө кулап, андан өтүп бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу изделүүдө.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 13-августунда аталган көпүрөдө КАМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна кулап түшүп, айдоочу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө тынымсыз жүрүп жатат. Учурда жол кыймылы убактылуу токтотулду.

Бүгүн, 14-августта, ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилигинен 39 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 90 адам иш алып барууда.