"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өлкөдө жарандардын 12 миллиард сомдук салык карызы кечилет

Кыргызстанда 2022-жылга чейин топтолгон жарандардын жана ишкерлердин салык карыздары эсептен чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, 12 миллиард сомго чукул суммадагы карыз төлөнбөй келгендиктен, анын төлөнүшүнө үмүт жок деп эсептелүүдө. Кечиримге негизинен мүлк салыгы, анын ичинде транспорт каражаттарына байланышкан карыздар кирет.

«Бул чара Салык кызматына маалымат базасын тазалап, ишти жаңыдан баштоого шарт түзөт», — деди Ысабеков.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн арызынын негизинде 2024-2025-жылдарга чейинки айрым салыктар да кечирилиши мүмкүн. Бирок салыктык кылмыштарга байланыштуу иштер сотто каралып жатса же айыптоо чечими чыкса, мындай карыздар эсептен чыгарылбайт.

Ысабековдун белгилешинче, бул кадам узак убакыттан бери төлөнбөй келген, иш жүзүндө өндүрүлүшү мүмкүн болбой калган суммаларга байланыштуу болуп жатат. Анын үстүнө, мындай чечим салык төлөөчүлөр арасында пайда болгон көйгөйлөрдү чечип, айрым алдамчылык учурларын да жоюуга көмөк көрсөтөт.

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров калктын жана ишкерлердин салык жүгүн жеңилдетүү максатында тиешелүү мыйзамга кол койгон.