"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Индонезияда мектептеги акысыз тамактан 360тан ашуун окуучу ууланды

Индонезиянын Борбордук Ява аймагындагы Среген шаарчасында 360тан ашуун адам мектептеги акысыз түшкү тамактан кийин ууланганын жергиликтүү бийлик ырастады. Бул окуя өлкө президенти Прабово Субианто ишке ашырып жаткан мектептеги акысыз тамак берүү программасындагы эң ири уулануу фактысы катары катталууда.

Программа быйыл январь айында башталган. Ошондон бери ар кайсы аймактарда массалык уулануу учурлары кайталанып, 1000ден ашык адам жабыркаган.

Среген шаарынын акими Сигит Памунгкас Reuters агенттигине билдиргендей, уулангандар саны 365ке жеткен. Азыркы тапта кайсы тамактан ууланганы лабораторияда текшерилип жатат. Анын айтымында, жабыркагандарга керектүү медициналык жардам мамлекет тарабынан камсыздалат.

Түшкү тамакка куркума кошулган күрүч, омлет тилкелери, куурулган темпе, бадыраң жана капуста салаты, кесилген алма жана сүт кутусу кирген. Бул тамактар борборлоштурулган ашканадан даярдалып, бир нече мектепке таратылган.

“Лабораториянын жыйынтыгы чыкмайынча, ошол ашканадан тамак жеткирүүнү убактылуу токтотууну талап кылдык,” — деди Сигит.

Акысыз тамак берүү программасы азыр 15 миллиондон ашуун адамды камтып жатат, ал эми жыл аягына чейин бул санды 83 миллионго жеткирүү пландалууда. Жалпы бөлүнгөн каражат 10.62 миллиард долларды түзөт.