"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте бир айда 100дөн ашык өрт катталды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда 2025-жылдын бир айынын ичинде 107 өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктардын кесепетинен 89 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

ӨКМден белгилешкендей, өрттөр негизинен турак жайларда чыгууда. Себептеринин бири — электр энергиясы жана газга болгон талаптын жогорулашы, ошондой эле жарандардын этиятсыз мамилеси.

«Жеке үйлөрдүн ээлери кышкы мезгилде мештерди текшерип турушу зарыл. Өрт чыккан учурда 101 же 112 номерине чалып, аты-жөнүңүздү жана дарегиңизди так айтуу керек», — деди Свердлов райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери, капитан Мураталы уулу Рысбек.