Коргоо министрлигинин «Скорпион» атайын бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер каза болду. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, машыгуу маалында жоокерлердин бири кокусунан шеригине ок атып алган. Жаракат алган аскер ооруканага жетпей көз жумган.
Коргоо министрлиги кырсыктын болгонун тастыктап, окуя пландык аскердик машыгуу учурунда орун алганын маалымдады.
Азыркы тапта Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Коргоо министри Руслан Муканбетов окуянын иликтөөсүн жеке көзөмөлүнө алган.

