Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды табиятты таза сактоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
Президент Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып, видеого тартканын айтып, жээктин таштандыларга толуп калганына тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, эс алуучулар көлдүн жээгине чейин автомашина менен кирип, тартипти бузуп жатышат.
“Ысык-Көл бизге бүгүн эле керектей эмес, урпактарыбызга да мураас болуп калуусу зарыл. Бирок көпчүлүк жарандар 20-30 жылдан кийин да таза табият керек экенин ойлобойт экен. Жээктеги тартип бузгандардын баары өз жарандар экени дагы өкүнүчтүү”, – деп белгиледи өлкө башчысы.
Ошондой эле ал эс алуучуларды таштандыны чогултуп, артынан таза абалда калтырууга чакырды. “Бүгүн таштап кеткен таштандың эртең балаң же неберең олтура турган жер болот. Ошону ойлонуп тазалап кетүү керек”, – деди Жапаров.
Мамлекет башчысынын айтымында, бул кайрылуу бир эле Ысык-Көлгө эмес, өлкөнүн бардык эс алуучу жайларына жана жайлоолорго тиешелүү.

