"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Дайырбек Орунбеков: «Балыкчы шаары көркүнө чыгат»

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Балыкчы шаарында бир катар ири өзгөрүүлөр башталганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазды.

Анын айтымында, Ысык-Көлдүн дарбазасы саналган Балыкчыда инфраструктуралык жана архитектуралык жаңы долбоорлор ишке ашууда.

Шаардын кире беришиндеги эски арка алынып, анын ордуна үстүнө “Ак кеме” орнотулган жаңы арка курулмакчы. Ошондой эле толкун формасындагы фото-зона пайда болуп, шаарга келгендер үчүн сүрөткө түшө турган жай түзүлөт.

Айланма жолдун ортосундагы желек жаңыртылып, аймак реконструкцияланууда. Мурун жол боюнда соода кылган балык сатуучулар атайын салынып жаткан “Балык” базарына көчүрүлөт. Бул жай жылуу жана ыңгайлуу шартта соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Орунбеков белгилегендей, Балыкчыда жаңы автобекет да курулуп, 200дөн ашуун такси жана он чакты автобус үчүн чоң токтоочу жай каралган. Ал жерден жүргүнчүлөрдү лицензиясы бар таксилер гана тейлейт.

Мындан тышкары, борбордук трассанын боюндагы зым тосмолор алынууда. Ордуна гүлдөр отургузулуп, веложол жана тротуар курулууда. Шаарда базар, парктар, тейлөө жана көңүл ачуучу жайлардын да курулушу жүрүп жатат.

Мына ушул долбоорлордун соңуна чыгуусу менен Балыкчы шаары бир кыйла өзгөрүп, көркүнө чыгат», — деп жазды Орунбеков.