Пакистанда катуу селдин кесепетинен каза болгондордун саны 330га жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Хайбер-Пахтунхва провинциясында каза болгондордун саны 307 адамга жетсе, Гилгит-Балтистан аймагында 12, Азад Кашмир аймагында 11 адам көз жумган.
Учурда Хайбер-Пахтунхвада дагы 32 адам дайынсыз жоголгон деп кабарланууда.