Бүгүн Чек ара кызматындагы 2022 аскер бөлүгүндө мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер И.у.А. асынып, өзүнө кол салды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя боюнча дароо укук коргоо органдарына билдирүү жөнөтүлгөн. Учурда бардык жагдайларды тактоо жана себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.

