"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамдагы сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жетинчи жыйыны өтөт. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат.

Сапар учурунда эки өлкө лидерлеринин катышуусунда Ынтымак паркында «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин ачылышы да пландалган.

Ошондой эле Казакстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун жана Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы болот. Мындан тышкары, Кыргызстанда казак киносунун күндөрү жана Бишкекте үчүнчү Кыргыз-Казак жаштар форуму өтөт.