"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Газага 1200 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Газа үчүн 1200 тонна гуманитардык жүк кеме менен жеткирилди. Бул тууралуу Euronews кабарлады.

Маалыматка караганда, Ашдод портуна түшүрүлгөн жардамдын курамында кесме, күрүч, балдар тамак-ашы жана консервалар бар. Алар анклавда ачарчылыктан жапа чеккен калкка таратылат.

Жүктүн 700 тоннасы Бириккен Араб Эмиратындагы «Амальтея» фонду тарабынан берилсе, калганы Италия жана Мальтадан жөнөтүлгөн.