"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Адылбек Касымалиев жана Саида Мирзиёева «Заковат» эл аралык турниринин ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева Бишкекте өткөн «Заковат» интеллектуалдык оюну боюнча эл аралык турнирдин ачылыш аземине катышышты.

Иш-чарада Адылбек Касымалиев ачык Азия чемпионатын Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккандыгы үчүн Саида Мирзиёевага ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Саида Мирзиёева турнирдин Кыргызстанда өтүшү эки боордош элдин маданий-гуманитардык кызматташтыгынын айкын далили экенин белгиледи.

Бул мелдеш билим берүү, илим жана маданият тармагындагы байланышты чыңдоого өбөлгө түзөрү айтылды.

Турнир “брейн ринг” форматында өтүп, катышуучу командалар ар кыл тармактагы татаал суроолорго жооп беришмекчи.