Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров «Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер» форумунун алдында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсүн тааныштырды.
Министр белгилегендей, көргөзмөнүн максаты — улуттук өнөрчүлүктүн белгилүү бренддери жана чеберлери өз эмгектерин элге тартуулап, салттуу баалуулуктар менен заманбап тенденцияларды айкалыштырган абройлуу аянтча түзүү.
Көргөзмөгө 13 компания катышып, кыргыз салтынын байлыгын жана кол өнөрчүлүктөгү заманбап ыкмаларды көрсөттү. Мисалы, «Супара-Шоро» конокторду боз үйлөрү жана салттуу үйлөрү бар кыргыз айылынын атмосферасына жеткирип, «Шоро» компаниясы арпа талканынан, балдан жана жаңгактан жасалган таттууларды сунуштады.
«Бир айыл – бир продукт +1» долбоору жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоп, сапаттуу азык-түлүк, кийиз буюмдары жана табигый косметика сунуштады.
Форумдун алкагында Кыргызстандын жана Өзбекстандын аял-лидерлери кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, аялдардын лидерлигинин экономика, санариптик технологиялар, экология, билим берүү жана мамлекеттик башкаруу тармактарындагы ролун талкуулашты.
Иш-чара аялдар менен кыздардын билим алуу, ишкердик жана инновациялар аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле туруктуу өнүгүүдө, анын ичинде экологиялык жана климаттык демилгелерде активдүү катышуусун илгерилетүүгө багытталган.

