"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

21-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда мейманды президент Садыр Жапаров тосуп алды. Аэропорт аймагында эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулду. Ошондой эле ардактуу кароол тизилип, расмий тосуп алуу аземи уюштурулду.

Улуттук кийим кийген кыздар Токаевди гүл менен тосуп, ага боорсок жана бал сунушташты. Мындан тышкары кыргыз артисттеринин катышуусунда кыргыз жана казак музыкалык чыгармалары аткарылган концерттик программа көрсөтүлдү.

Жогорку даражалуу конок кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган салтка ылайык тосуп алынды.