Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева Бишкекте өткөн «Аял — дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер» аттуу эл аралык форумга жогору баасын берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Мирзиёеванын айтымында, форум максаттуу, күчтүү жана ишенимдүү айымдарды чогултуп, алардын үй-бүлөдө, жумушта жана коомдогу ордун баса белгиледи.
«Бизге керек болгон нерсе — тең мүмкүнчүлүктөр, мамлекет менен коомдун колдоосу жана өзүнө болгон ишеним», — деди ал.
Форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандан келген спикерлер аялдардын өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүндөгү салымы, кайраты жана укуктар үчүн күрөшү тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле ийгиликке жетүүнүн жолдорун жана тоскоолдуктардан коркпой алдыга жылууну көрсөтүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Саида Мирзиёева «Бизге сөзсүз биригүү керек!» деген ураанды көтөрүп чыгып, форумдун негизги маңызын белгилеп өттү.

