Кыргызстанга расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Ал министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар койду.

