"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кулубаев: «Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы сооданын көлөмү өсүүдө»

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин VII жыйынына катышты. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, жыйында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, энергетика, транзиттик мүмкүнчүлүктөр жана айыл чарба тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Кулубаев сүйлөшүүлөр эң жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, эки тарап сооданы өнүктүрүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын кеңейтүү жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча макулдашканын билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчылары «Ынтымак» сейил багындагы «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин ачылышына, Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугунун жана Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын ачылышына катышары күтүлүүдө.