"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Коррупциялык схеманын бети ачылды

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен, ушул жылдын 11-августунан тарта 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле мал-жандыкты сыртка ташуу убактылуу токтотулган.

Көзөмөлдү жүргүзүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жүктөлүп, республика боюнча эттин чекене баасы 680 сомдон ашпашы керек деп белгиленген. Айрым региондордо бекитилген баа мындан да төмөн чекте. Бирок, коомчулук эттин баасынын түшүшүнө ишенбей, соцтармактар аркылуу өз ойлорун билдирип жатышкан. Жазылган комментарийлердин басымдуу бөлүгүндө эттин баасын орунсуз көтөргөн чайкоочулар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев гана күрөшө аларын, ошондо гана абал оңолору айтылган. Оозго сала бергендей эле кечээ дал ушул маселеге байланышкан кабар тарады.

Башкача айтканда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов баш болгон төрт адам мал-жандыкты экспортко чыгаруудагы коррупциялык схемага шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өлкө ичинде эттин баасын турукташтыруу максатында малды экспорттоого квота киргизилген.

Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов, Ветеринардык кызматтын директору (К.У.С.), министрликтин бөлүм башчысы (М.Э.У.) жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы (Н.у.Б.) кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мал чарбачылыгы менен алектенбеген өздөрүнө тиешелүү адамдарга мыйзамсыз квота берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушканын кабарлады.

Ортомчу болгон ишкерлер мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана малды экспорттоо менен алектенгендерге бир бодо малга 300 доллардан, майда жандыкка 5 миң сомдон сатышканы аныкталган. Атайын кызмат бул коррупциялык схемадан 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгонун билдирди.

“Ал адамдардын малы бар экендиги жөнүндө актылар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызмат адамдарынын көрсөтмөсү боюнча райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан бурмаланган”, — деп айтылат маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлери, ортомчулар кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ал ортодо Баткен шаарында муниципалдык эт дүкөндөрү ачыла тургандыгын Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Баткен шаарынын жана бардык тийиштүү облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, эттин баасын туруктуу кармоо жана калкты эт менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча тапшырмаларды койду.

Муктаждыкка жараша, Баткен шаардык мэриясына муниципалдык эт дүкөндөрүн уюштуруу жана ишке киргизүү боюнча тапшырма берилди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык Баткен шаары жана Баткен районунда 1 кг уйдун эти – 670 сомдон, койдун эти – 680 сом, Кызыл-Кыя шаарында – 650-680 сом, Кадамжай районунда – 670-680 сом, Лейлек районунда – 650-680 сом, Сүлүктү шаарында – 650-680 сом болуп бекитилген. Кыскасы мамлекеттик көзөмөл өз жемишин берүүдө. Чамасы, муниципалдык дүкөндөрдү башка аймактарда ачуу маселеси да көтөрүлөт сыяктуу.

Анткени акыркы жылдары кыргызстандыктар орто эсеп менен алганда эт жана эт азыктарын көбүрөөк жей баштаганы аныкталган. Үй чарбаларын талдоо ыкмасы менен эсептегенде Улуттук статистика комитети Кыргызстанда ар бир жан орточо эсеп менен жылына 26 килограммдай эт жей тургандыгын билдирген. Бул кафе, ресторан, той-аштардан жеген эттен тышкаркы көрсөткүч. Деген менен бул нормага жетпейт. 2021-жылы Өкмөт тарабынан бекитилген орточо физиологиялык керектөө ченемдеринде кыргызстандыктар бир жылда 60 килограммдан кем эмес эт жеши керектиги айтылган. Ошондуктан учурда эттин чекене баасын арзандатуу маселеси курч коюлуп жатканы туура.

 

Жазгүл Кенжетаева