Бүгүн, 22-августта, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда кыргызстандык мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге «Достук» орденин тапшырды.
Эки өлкө ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн:
-
I даражадагы «Достук» ордени менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сыйланды.
-
II даражадагы «Достук» ордени менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков, Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков сыйланды.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Касым-Жомарт Токаев бул сыйлыктар боордош кыргыз элине болгон ыраазычылыктын жана урмат-сыйдын белгиси экенин белгиледи.
«Бүгүнкү окуя казак-кыргыз мамилелеринин тарыхында элдерибиздин түбөлүк боордоштугунун жана коңшулаштыгынын символу катары алтын тамгалар менен жазылып калат деген ишеничтемин», – деди Казакстандын президенти.

