Кыргызстан менен Тажикстандын жаштары чек арадагы ынтымакты жана ишенимди бекемдөө максатында биргелешкен долбоорду ишке ашырууда.
“Тынчтык көпүрөсү: чек арадагы ынтымак үчүн жаштардын байланышы” аттуу демилге Баткен (Кыргызстан) жана Худжанд (Тажикстан) шаарларынан 60 жаш лидерди бириктирди. Долбоордун негизги максаты – чек ара аймактарында тынчтыкты, өз ара түшүнүүнү жана кызматташууну өнүктүрүү.
Иш-чаранын алкагында:
-
2-августта онлайн сессия өткөрүлүп, катышуучулар диалог жана кызматташуу аркылуу тынчтык орнотуунун жолдорун талкуулашты.
-
21–24-августта Баткен жана Худжанд шаарларында бетме-бет семинарлар уюштурулуп, 20 жаш катышуучу тынчтык жана кызматташуу боюнча долбоор сунуштарын иштеп чыгышты. Натыйжада эки долбоор тандалып, ар бири 200 АКШ доллар өлчөмүндө кичи грантка ээ болду.
-
Сентябрь айында Баткен менен Худжандда бул долбоорлор жергиликтүү коомчулуктардын катышуусунда ишке ашырылат.
Долбоор C5+1 Жаштар Кеңешинин алкагында ишке ашууда. Кеңеш Борбор Азиядагы жана Ооганстандагы англис тилинде сүйлөгөн жаш лидерлерди бириктирип, тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өсүш, энергетика, айлана-чөйрө жана эл аралык байланыштар багытында иш алып барат.
C5+1 Жаштар Кеңеши Борбор Азиядагы Америкалык Университеттин Жарандык Демилгелер Борбору тарабынан АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин гранты аркылуу ишке ашырылат. Учурда Кеңештин 49 активдүү мүчөсү жана 186 бүтүрүүчүсү бар.
Эскерте кетсек, C5+1 Жаштар Кеңеши 2016-жылы түзүлүп, жыл сайын жаңы мүчөлөр улуттук өкүлчүлүк жана лидерлик жөндөмдөрү боюнча ачык сынак аркылуу тандалып алынат.

