— Айганыш Бакыбаевна, август айынын башында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга чакырып, активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөдү. Бул өнөктүктүн максаты кандай? Негизинен өлкөдө бүгүн кан тартыштык көйгөйү барбы?
— Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында кандын тартыштык маселеси жок. Бирок, кан азыр бар туруп, 1 сааттан кийин жок болуп калышы мүмкүн. Канча бейтапка канча көлөмдө кан керектигин эч ким биле албайт, белгисиз. Биздин борбор ыкчамдуу кызмат. Андыктан кандай учур болбосун запаста кан болушу керек. Биздин базабызда 300 миңден ашуун донор катталган. Аларды кан тапшырууга үзгүлтүксүз чакырабыз. Донор бул адамдар да. Адам жумуштары менен четте болот же шаардан сырткары болуп калат. 10 киши чакырсак, 1 же 2 киши келиши мүмкүн. Негизинен өлкө боюнча Кан борборлорунда жайдын аптаптуу мезгилинде жана орозо айларында кандын дефицити байкалат. Ошондуктан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев кандын жетишсиздигинин алдын алуу, кандын запасын толтуруу максатында протоколдук тапшырма берди. Анын алкагында мамлекеттик кызматкерлер арасында кан донорлугу өнөктүгү башталган. Дээрлик бардык мамлекеттик кызматкерлер донор болуп жатышат. Алардын ичинде Улуттук Банкка, Манас аэропортуна, Коргоо министрлигине барып биздин көчмө топ иш жүргүзүүнү улантып жатат. Учурдан пайдаланып, кан донору болгон ар бир мекендешибизге ыраазычылык билдирем. Кан тапшыруу менен өмүр улаганга себепчи болуп жатасыздар.
— Канга донор болуу өнөктүгү башталгандан бери канча көлөмдө кан чогулду?
— 6-августта башталган кан өнөктүгүнө 1348 киши катышып, донор болду. Болжолдуу 700 литрдей кан чогултулду.
— Кандын мөөнөтү кандай сакталат?
— Кандын мөөнөтүнө көз карандыбыз. Себеби, плазма 3 жыл сакталат. Ал эми тромбоциттин мөөнөтү 5 күн. Эритоциттер 35 күн гана кармалат. Бул себептерден улам Кан борборунда кандын жетишсиздиги жаралып калат десем болот.
— Өлкө боюнча бир жылда канча көлөмдө кан керектелет?
— 2024-жылы өлкө боюнча 55 миң адам донор болгон. Ал эми жылына 30 миң литр кан керектелет. Өткөн жылы компоненттик доза менен эсептегенде тромбоциттин керектөө дозасы 15000 литрден ашкан.
— Бишкек шаарынын ичиндеги кайсы ооруканалардагы бейтаптарга көбүрөөк кан муктаждыгы жаралат?
— Ооруканалардын ичинен Онкология борборуна кан көбүрөөк талап кылынат. Андан кийин төрөт үйлөрү турат. Пландык жана шашылыш түрдө хирургиялык жардам үчүн да кан көп сарпталат. Кан жол кырсыгынан, жаракат алуудан жабыркагандарга абдан зарыл болот.
— Бейтап кандай учурда канды акы төлөп сатып алат?
— Кан керек болгон бейтаптардын жакындары, дарыгердин сунуштамасы менен кан борборунан алып кетишет. Ал эми Мамлекет тарабынан онкологиялык бейтаптарга бекер берилет. Бул багытта мамлекеттен каржы жакшы каралган. Өлкөдөгү жеке менчик ооруканаларга талап бар. Алар 1 донор алып келсе 1 дозаны акысыз алат. Эгер донору жок болсо анда сатып алат.
— Бүгүн Кан борбору эмнеге муктаж, кандай көйгөй бар?
— Бүгүнкү күндө Республикалык Кан борбору жаңы имаратка муктаж. Азыр биз турган имарат 1934-жылы курулган, эскирди. Мисалы, бул имарат учурунда шаарыбыздагы 500 миң адамга ылайыкталып, кан менен камсыздоого салынган. Бүгүн болсо шаар калкынын саны 2 млнго чамалады. Донор болуучу адамдарды каттайбыз, саламаттыгын текшеребиз. Бул себептүү кезек күтүү да созулуп кетет. Мындан улам, заманбап шарттары менен камсыздалган имарат бизге абдан керек.
Мээрим Бактыбек кызы

