Жеңиш чокусунда бутунан жаракат алып калган россиялык альпинист Наталья Наговицынага жардам көрсөтүүгө жөнөтүлгөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы кайтып келди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 24-августта Ысык-Көл облусунда куткаруу иштерине “Airbus Н-125” үлгүсүндөгү тик учак, чет өлкөлүк тажрыйбалуу учкуч жана альпинист-куткаруучулар тартылган. Алар эки күн бою Каркырадагы базада турушкан.
Бирок аба ырайынын кескин бузулушуна байланыштуу, 25-августта тик учак Чүй облусунун Аламүдүн районундагы туруктуу ордуна кайтарылып келинди.
ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаевдин айтымында, бул өрөөндө суук эрте түшкөндүктөн альпинисттер лагерин негизги базага көчүрүшкөн.
Эске салсак, Наталья Наговицына 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып жаракат алган. Ал үчүн бир нече жолу куткаруу аракеттери жүргүзүлгөн.

