Кыргызстанда 2025-жылы окуу китептерин даярдоого республикалык бюджеттен 744 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, каражаттын эсебинен окуучулар үчүн окуу китептери жана жумушчу дептерлер, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыгууда.
Бүгүнкү күндө Агартуу министрлиги “Учкун” ААК менен жалпы 571,9 млн сомго 3 млн 198 миң 650 нуска окуу-методикалык комплекстерди даярдоо боюнча келишим түзгөн. Салыштырмалуу, 2023–2024-жылдары 1 млн 490 миң 786 нуска китеп чыккан.
Бул суммага англис тили боюнча жаңы комплекстердин 1 млн 917 миң 570 нускасы басылып чыкты. Анын ичинде:
-
3-класс – 148 830 нуска;
-
4-класс – 322 350 нуска (158 700 нускасы Улуу Британия элчилигинин каржылоосу менен);
-
5-класс – 305 010 нуска;
-
6-класс – 299 850 нуска;
-
7-класс – 288 750 нуска;
-
8-класс – 282 050 нуска;
-
9-класс – 270 730 нуска.
Мындан тышкары, 1–2-класстар үчүн математика жана табият таануу боюнча 1 млн 281 миң 080 нуска жаңы окуу-методикалык комплекстер даярдалууда:
-
1-класс математика – 295 880 нуска;
-
2-класс математика – 344 660 нуска;
-
1-класс табият таануу – 295 880 нуска;
-
2-класс табият таануу – 344 660 нуска.
Ошондой эле 5 жана 7-класстар үчүн математика менен табият таануу боюнча адаптацияланган комплекстер, ал эми 1-класстар үчүн “Наристе”, “Алиппе” окуу китептери басууга даярдалууда.
Кыргызстан менен Россиянын жумушчу тобу биргелешип иштеп чыккан орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери Россияда басылып чыгып, 2025-жылдын октябрь айында кыргыз мектептерине жеткирилери күтүлүүдө.

