Бишкектин четинде мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын бириктирген көп профилдүү заманбап медициналык шаарча курулат. Бул тууралуу президент кол койгон жарлык “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.
Документте мамлекет саламаттык сактоонун инфраструктурасын масштабдуу модернизациялоону жана интеграциялоону максат кылганы белгиленет. Жаңы шаарча калкка комплекстүү жана борборлоштурулган медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.
Маалыматка ылайык, долбоор ишке ашса, Бишкектин ичиндеги негизги мамлекеттик ооруканалар жаңы шаарчага этап-этабы менен көчүрүлөт.
Жарлыктын негизги үч багыты:
-
каржылоо мамлекеттик ооруканалардын имаратын ачык менчиктештирүүдөн түшкөн каражат, жеке инвестициялар жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен камсыздалат. Зарыл болсо, бюджеттен кошумча акча бөлүнөт;
-
долбоорду президенттин иш башкармалыгы жетектейт. Өкмөт шаарчанын концепциясын иштеп чыгып, жер тилкесин аныктап, көчүрүлө турган ооруканалардын тизмесин тактайт;
-
жаңы шаарчага көчүрүлгөн мекемелердин «улуттук» статусу жана кызматкерлердин маянасына кошулган үстөк акы сакталат.
Буга чейин жаңы медициналык шаарча Бишкектин түштүк-чыгышындагы Кара-Жыгач айылына жакын 106 гектар жерге курулары маалымдалган. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги айрым мекемелер — тез жардам станциялары, төрөт үйлөрү, балдар ооруканалары жана бейтапканалар — шаар ичинде калышы зарылдыгын белгилеген.

