Чолпон-Ата шаарында «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» аталышындагы кыргыз-герман бизнес-форуму жана Ишкерлер кеңешинин төртүнчү жыйыны болуп өттү. Иш-чарага экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышты.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жеке сектордун лидерлерин жана эки өлкөнүн бизнес-ассоциацияларын бириктирген маанилүү диалогдук платформага айланды.
Форумдун алкагында төмөнкү темаларды камтыган панелдик сессиялар уюштурулду:
-
экспорттук потенциалды кеңейтүү;
-
ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү;
-
биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу;
-
жаңы экономикалык багыттарды илгерилетүү.
Бул иш-чара Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин жогорку деңгээлде экенин дагы бир ирет ырастап, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого болгон өз ара кызыкчылыкты жана активдүү кызматташууну тастыктады.

