Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытында ведомстволук кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Кеңешме Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан уюштурулуп, ага шаардык ички иштер органдарынын жана социалдык коргоо башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» мыйзамдарынын аткарылышы, ошондой эле Министрлер Кабинетинин “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунда каралган методикалар жана практикалык иштер талкууланды.
Атап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулук тобокелдигин баалоо ыкмалары, убактылуу коргоо ордеринин формасы, зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган коррекциялык программалардын жүзөгө ашырылышы боюнча маселелер каралды.
Кеңешменин жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөрдү үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чаралары өзгөчө көңүл борборунда болуп, тийиштүү мекемелер ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы белгиленди.

