"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ынтымак Ордосунда фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешме өттү

27-августа Ынтымак Ордо резиденциясында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Министрлер Кабинетинин кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

  • 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоору;

  • 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун бюджетинин аткарылышы.

Аталган маселелер боюнча финансы министри Алмаз Бакетаев кеңири баяндама жасап, 2026–2028-жылдарга карата бюджетти түзүү үчүн көзөмөл көрсөткүчтөр тууралуу да маалымат берди. Ошондой эле ал 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун аткарылышы боюнча анализ сунуштады.

Жыйындын жыйынтыгында баяндамада айтылган маалыматтар эске алынып, тиешелүү органдарга бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу боюнча сунуштар берилди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылга бекитилген республикалык бюджеттин алкагында каралган мамлекеттик инвестициялык долбоорлор боюнча каражаттарды жыл аягына чейин толук өздөштүрүү зарылдыгын баса белгиледи.