Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 37 өрт кырсыгы чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо менен күрөшүүгө 42 күжүрмөн эсеп тартылган. Аймактар боюнча кырсыктардын саны төмөнкүчө болду:
-
Бишкек шаарында – 7;
-
Ош шаарында – 2;
-
Ош облусунда – 4;
-
Чүй облусунда – 5;
-
Жалал-Абад облусунда – 8;
-
Ысык-Көл облусунда – 2;
-
Нарын облусунда – 4;
-
Баткен облусунда – 3.
Мындан тышкары, куткаруу кызматтары тарабынан 2 жолу чыгуу болду.

