"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Гиннес рекорддор китебине 70 жыл толду

Дүйнөдөгү эң атактуу справочниктердин бири – Гиннес рекорддор китеби жарык көргөнүнө 70 жыл болду. Бул тууралуу Евроньюс агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, китептин алгачкы чыгарылышы 1955-жылы басылып чыккан. Идея Гиннес сыра заводунун жетекчиси Хью Биверге таандык. Ал достору менен кайсы куш эң ылдам учат деген талкуу жүргүзүп, бирок так жооп таба алган эмес. Ошондон улам ал «талаш-тартыштарды чечкен» өзүнчө китеп чыгарууну чечкен.

Башында китепке илимий жактан текшерилген гана маалыматтар кирсе, кийин кызыктуу жана өзгөчө рекорддор да кошулуп баштаган. Бүгүнкү күндө Гиннес рекорддор китеби дүйнө жүзү боюнча миллиондогон окурмандарды топтоп, ондогон улуттук жана тематикалык версиялары менен белгилүү басылмалардын бири болуп саналат.

Бул 70 жыл ичинде китепке дүйнөдөгү эң узун бойлуу адамдан тартып, эң чоң итке чейин, эң ылдам сыр кесүү же эң көп тиш чукугучту сакалында кармаган адамга чейинки ар кандай рекорддор киргизилген.