"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Евразия» оюн-зоок паркы 1-сентябрдан тарта иштей баштайт

Бишкектеги жаңы «Евразия» оюн-зоок паркы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу «Евразия. Кыргызстан» коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова парктын ачылыш аземинде билдирди.

Маалыматка ылайык, парк болжол менен 10 гектар аянтты ээлеп, 30га жакын аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода түйүндөрү менен камсыздалат. Бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.

Парктын иштөө тартиби төмөнкүчө:

  • 10:00–14:00;

  • 14:00–18:00;

  • 18:00–22:00.

Кирүү атайын «Евразия паркы» мобилдик тиркемеси аркылуу QR-код менен ишке ашат. Колдонуучулар тиркемеден өзүнө ыңгайлуу убакытты тандап, алдын ала каттоодон өтүшү керек.

Мобилдик тиркемеде күн сайын парктагы жаңылыктар жарыяланып, иш-чаралар жөнүндө маалымат берилет. Ошондой эле карта аркылуу аттракциондордун жайгашкан жери оңой табылат.

Кымбат Урумкулованын айтымында, парк жыл бою иштеп, кыш мезгилинде атайын муз тебүүчү аянтчалар уюштурулат.