"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кендирбаева: «Мектеп реформасы башталды»

Бүгүн, 1-сентябрда — Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышына карата Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева жалпы коомчулукка кайрылуу жасады.

Министр өз кайрылуусунда быйылкы окуу жылы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү шарттарында алгачкы окуу жылы башталганын билдирди. Анын айтымында, бул – билим берүү системасындагы масштабдуу реформалардын башаты.

«Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылында биринчи жолу билим берүү тармагында системалуу жана чоң өзгөрүүлөр жасалууда. Айрыкча окуу китептерин чыгарууда буга чейин болбогон деңгээлде каржылоо бөлүндү», — деди министр.

Президенттин тапшырмасы менен жаңы окуу китептерин басып чыгарууга 744 миллион сом каражат бөлүнүп, быйыл 1-2 жана 5-7-класстар жаңыланган программалар боюнча жаңы окуу китептери менен камсыз боло баштады. Ошондой эле 3-9-класстар үчүн англис тили, математика жана табигый илимдер боюнча китептер даярдалууда.

Министр үч жыл ичинде өлкө мектептеринин бардыгы заманбап, сапаттуу окуу китептери менен толук камсыз болорун билдирди.