Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары С.Т. жана “Бета-Групп” ЖЧКсынын аткаруучу директору М.А. кармалды.
Алар 2025-жылдын 31-август күнү кармалып, Ат-Башы районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.
Маалыматка ылайык, учурда УКМК менен Нарын ОИИБи тергөө иштерин улантууда.