"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте жол куруу иштери 20-октябрга чейин толук аяктайт — мэрия

Бишкек шаарындагы жол оңдоо иштери 2025-жылдын 20-октябрына чейин толук аяктайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы баш калаада жалпы 15 көчөнү оңдоп-түзөө пландалган, алардын ичинен 7 көчөдө иштер толук бүткөрүлүп, 5 көчө толугу менен ачылды.

Жанболотов буга мисал катары төмөнкү көчөлөрдү атады:

  • Жибек Жолу проспектиси — Курманжан Даткадан Лермонтов көчөсүнө чейинки тилкеси эки тараптуу ачылды;

  • Жаш Гвардия көчөсү — Бөкөнбаевден Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен бүткөрүлдү;

  • Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнө чейинки тилкеси — эки катмар асфальт төшөлдү;

  • Медеров көчөсү — 7-Апрель көчөсүнөн Панфиловго чейинки аралыгы оңдолуп, пайдаланууга берилди.

Ошондой эле, мурдагы Чүй көчөсү (азыркы Шабдан Баатыр көчөсү) боюнча Жанболотов түндүк тарабындагы бөлүгү гана оңдолгонун белгиледи. Анын себеби — жер алдындагы жылуулук түтүктөрү кийинки жылы алмаштырылмакчы, ошондуктан толук оңдоо кийинки жылга жылдырылды.

Учурда оңдолуп жаткан негизги көчөлөр:

  • Лев Толстой көчөсү — 20 жылдан бери биринчи жолу оңдолууда;

  • Дэн Сяопин көчөсү — 2004-жылы салынгандан бери биринчи жолу капиталдык оңдоо иши жүрүүдө.

Жанболотовдун айтуусунда, жол иштеринин көпчүлүгү жыл аягына чейин бүткөрүлүп, шаар ичиндеги кыймылга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.