"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өзбекстандын мамлекеттик карызы 43 миллиард доллардан ашты

2025-жылдын 1-июлуна карата Өзбекстандын мамлекеттик карызы 43 миллиард 376 миллион АКШ долларын түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Расмий маалыматка ылайык, бул сумманын ичинен тышкы карыз 36,41 млрд доллар, ал эми ички карыз 6,96 млрд доллар болгон. Бир жыл ичинде мамлекеттик карыз 6 миллиард 135 миллион долларга көбөйдү. Натыйжада, ички дүң продукцияга карата карыздын үлүшү 34,2 пайызга жетти. Салыштыруу үчүн айтсак, өткөн жылы бул көрсөткүч 32,4 пайызды түзгөн.

Өзбекстандын экономика жана каржы министри Жамшид Кучкаров тышкы карыздын өсүшүн өлкөнүн өнүгүү муктаждыктары менен байланыштырды. Анын айтымында, тартылган каражаттар негизинен инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, автоунаа жолдорун оңдоого, ичүүчү суу менен камсыздоого, турак жай курууга, ошондой эле коргонуу жана чек ара коопсуздугун бекемдөөгө багытталууда.

Ошондой эле министрлик 2025-жылы тышкы булактардан 5,5 миллиард долларга чейин каражат тартуу пландалып жатканын билдирди. Анын ичинен 3 миллиард доллары мамлекеттик бюджеттеги тартыштыктарды жабууга, калган бөлүгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалмакчы.