"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Индияда арстандар көбөйүп жатат — бул кубанычтуу көрүнүш, бирок кооптуу жагы да бар

Индиянын батышындагы Гужарат штатында арстандын колунан 5 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу CNN жазды.

Маалыматтарга караганда, бала агалары менен талаада ойноп жүргөн учурда арстан күтүүсүз пайда болуп, аны токойго тартып кеткен. Баланын сөөгү кийинчерээк табылган. Бул — 2025-жылдын июнуна чейин өлкөдө арстандардын адамга кол салуусунан каза тапкан жетинчи учур. Акыркы беш жыл ичинде мындай окуялардын саны 20дан ашкан.

Ошондой эле, мал жандыктарга болгон кол салуулар да дээрлик эки эсеге көбөйгөн.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы беш жылда аймактагы арстандардын саны 674төн 891ге чейин өскөн. Бул — 30 пайыздан ашуун өсүш.

Экологдор бул өсүштү жаратылышты коргоо жаатындагы чоң ийгилик катары баалашканы менен, арстандар адам жашаган аймактарга өтө жакындап кеткенин коңгуроо кагып, эскертүүдө. Алар мейманканалардын жер төлөсүндө, үйлөрдүн чатырларында, короолордо жүргөн учурлар катталып жатканын билдиришти.

Узак жылдардан бери адистер Гужарат өкмөтүн арстандарды башка, коопсуз аймакка көчүрүүгө чакырып келишет. Бирок маселе али күнгө чейин чечилген эмес.