"Эркин-Тоо"
Гезиттер Жаңылыктар

Казарман жана Көкөмерен каскаддары боюнча келишим түзүлдү

Кооздугу көз жоосун алган өлкөбүз асман тиреген аска-тоолордон, ак калпак кийгендей мөңгүлөрдөн турат. Мөңгүлөр бул – биз ичип жаткан суу. Ошондой эле, агып түшкөн сууга гидроэлектр станцияларды куруп, пайдалансак болот. Биздеги Токтогул баштаган ири жана чакан ГЭСтер ага мисал. Дагы жүздөгөн ГЭСтерди куруп, пайдаланууга ыңгайлуу шарттар бар. Бирок, суунун башында туруп, ал мүмкүнчүлүктү толук пайдалана албай келдик. Эгемендүүлүктү алгандан кийин жеке кызыкчылыгын ойлогон жетекчилер ГЭСтерди курмак мындай турсун, Союз маалында салынган электр станцияларды жакшы карабай, шалдыраган абалга алып келди. Анын азабын азыр тартып, жыл сайын өскөн тартыштыкты жаба албай, электр энергиясын сырттан сатып алып жатабыз.

Албетте, 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин, тагыраагы журт башына Садыр Жапаров келип, эки тизгин бир чылбырды алган соң башка тармактардай эле энергетикада дагы кырдаал болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Ири ГЭСтер менен катар чакан ГЭСтерди куруу колго алынып, алар бир чекеден ишке киргизилип жатат. Ага баарыбыз өз көзүбүз менен күбө болуудабыз. Жакынкы күндөрдө дагы бир жакшы жаңылык орун алды. Тактап айтсак, ушул жуманын башында Казарман жана Көкөмерен каскаддарын курууга түрк ишкерлери 6 миллиард доллар салмай болду. Тиешелүү келишимге 25-августта кол коюлганын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев билдирип, 2024-жылы “Борбор Азия Инвестициялык Холдинг” компаниясы түзүлгөнүн ачыктады.

5 жылда 5 миллион доллар жардам

Ага чейин Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Орто Азия инвестициялык холдинги» ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мюджахит Орен, Директорлор кеңешинин мүчөсү Гезер Селчук, башкармалыктын төрагасы Сур Мухаммет Халук менен бир нече жолу жолугушуу өткөрүп, «Казарман ГЭС каскадын куруу» долбоорлорун ишке ашыруу боюнча КР Министрлер Кабинети менен «Орто Азия Инвестициялык холдинги» АККтын ортосунда инвестициялык келишимдерге кол коюлган.

Долбоордун болжолдуу суммасы 3 млрд долларды түзөт. Техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоор толук жасалгандан кийин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан экспертизадан өткөрүлүп, долбоордун так суммасы аныкталат. Ошондой эле «Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадынын курулушу жөнүндө» Министрлер Кабинети менен «Орто Азия инвестициялык холдинги» ААКтын ортосунда инвестициялык келишимдерге кол коюлган. Долбоордун болжолдуу баасы 3,2 млрд долларды түзөт. Аталган документтерге энергетика министри Т.Ибраев жана «Орто Азия инвест холдинг» ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мюджахит Орен кол койгон.

Мындан тышкары, келишимде социалдык милдеттенмелер да камтылган. Ага ылайык, инвестор 2025-жылдан 2030-жылга чейин 5 жылдык мөөнөткө жыл сайын 5 млн доллар өлчөмүндө (Кыргыстандын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык салыктарды жана жыйымдарды кошкондо) акысыз (демөөрчүлүк) жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.

Инвестор эмнелерди камсыз кылат?

5 жылдык мөөнөткө (2025–2030-ж.) жыл сайын 5 млн доллар өлчөмүндө социалдык салым, анын ичинен – жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү жардам көрсөтөт (ай сайын 1,8 млн АКШ доллары, 1000 жетим балага 150 АКШ доллары). Экинчиси, Кыргызстандын тиешелүү министрликтеринин мамлекеттик органдарынын атайын жабдууларын жана материалдык-техникалык базасын модернизациялоону каржылайт (3,2 млн АКШ доллары). Үчүнчүсү, ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык программаларына катышат. Төртүнчүсү, тараптар тарабынан кошумча макулдашылган жардамдын башка формалары узундугу 340 км болгон 500 кВ электр берүү линиясын куруп, аны “ КУЭТ” ААКнын балансына өткөрүп берет. Бешинчиси, ГЭС курулгандан кийин иштегенге кесипкөй инженер адистерди даярдап, жумуш орун менен камсыз кылат. Алтынчысы, Энергетика министрлигин жана медицина тармагын атайын техникалар менен камсыздайт.

Белгилей кетсек, Казарман ГЭСтер каскады Нарын дарыясында жайгашып, курамында 4 ГЭС бар. «Орто Азия инвестициялык холдинги» ААК компаниясы каскаддын 3 ГЭСин курууга кызыкдар. Алар – Ала-Буга ГЭСи – 600 МВт; Кара-Булуң-1 ГЭСи – 149 МВт; Кара-Булуң-2 ГЭСи – 163 МВ. Жалпы кубаттуулугу 912 МВт. Ал эми Көкөмерен ГЭСтер каскадынын курамында 3 ГЭС бар. Алар – Каракол ГЭСи – 33 МВт; Көкөмерен ГЭСи-1 – 360 МВт; Көкөмерен ГЭСи-2 – 912 МВт. Жалпы кубаттуулугу 1305 МВт.

Буга чейин мамлекетте стабилдүүлүк болгондо гана Кыргызстанга инвесторлор келет деген сөздөр айтылып келген. Президент Садыр Жапаров: “Дүйнө жүзү Кыргызстанда тартип орноп, мамлекет чыңдалып калганын көрөрү менен олуттуу инвесторлордун агымы бир нече эсеге көбөйдү” деп айтканы да бар. Анын далили ар бир тармакта көрүнүп, энергетикага да ири инвесторлор келип жатат. Муну ар бирибиз эске алып койгонубуз оң.

Төрт чакан ГЭС ишке берилет

Энергетика тармагындагы дагы бир жакшы жаңылыкты кыстара кетишибиз керек, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө өлкөдө төрт чакан ГЭС ишке берилди. Бул дагы акыркы учурдагы Президенттин үзүрлүү ишинин үзүмү десек болот. Эки жылдын ичинде бир нече чакан ГЭСтер ишке кирген. Ушул жуманын этегинде Ысык-Көл облусунда “Боз-Учук”, “Койсу” чакан ГЭСтери, Чүй облусунда “Ысык-Ата-2” жана Жалал-Абад облусунда “Аксый” чакан ГЭСтери ишке берилет. Албетте, бул бир эле чекеси. Жалпысынан быйылкы жылы чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун, жеке ишкерлердин күчү менен курулуп жаткан 18 чакан ГЭС ишке киргени турат. Тизмектей кетсек:

Лейлек ГЭСи – 6 МВт, Баткен облусу, Лейлек району;

Кожо-Кайыр ГЭСи – 0,6 МВт Баткен облусу, Кадамжай району;

Койсу ГЭСи – 8.7 МВт Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району;

Санарип ГЭСи – 2 МВт Чүй облусу, Москва району;

Алай Гидро ГЭСи – 4.4 МВт Ош облусу, Алай району;

Боз-Учук ГЭСи – 5.54 МВт Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району;

Авлетим ГЭСи – 2.6 МВт Жалал-Абад облусу, Аксы району;

Адын-Ункур ГЭСи – 0.85 МВт Ош облусу, Кара-Суу району;

Кара-Жыгач ГЭСи – 1 МВт Жалал-Абад облусу, Токтогул району;

Аксый ГЭСи – 4.75 МВт Жалал-Абад облусу, Аксы району;

Ысык-Ата-2 ГЭСи – 4 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району;

Шамшы ГЭСи – 1.7 МВт Чүй облусу, Чүй району;

Кондук ГЭСи – 5.3 МВт Ош облусу, Кара-Кулжа району;

Кен-Тор-1 ГЭС – 1.3 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району;

Карагай-Булак – 1 ГЭС — 2 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району;

Карагай-Булак – 2 ГЭС — 2 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району;

Сокулук ГЭС — 3 – 9.5 МВт Чүй облусу, Сокулук району;

Туюк ГЭСи – 5.9 МВт Чүй облусу, Сокулук району.

Чынын айтышыбыз керек, соңку 4 жылдан бери чакан ГЭСтердин курулушу арбыды. Анын жемишин да көрө баштадык. Чакан ГЭСтер менен катар ири ГЭСтерде реконструкция жүрүп, агрегаттар алмаштырылып жатат. Курулуп жаткан ири жана чакан ГЭСтер ишке кирсе Кыргызстан ички керектөөнү камсыздоодон тышкары, электр энергиясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча учурда жалпы республика боюнча 40 чакан ГЭС иштеп жатса, 37 чакан ГЭСтин курулушу жүрүүдө. Быйыл дагы жогоруда көрсөтүлгөн 18 чакан ГЭС ишке кирсе, 2026-жылы 147 МВт, 2027-жылы 191 МВт кошулат. Ошондой эле 2028-жылдан 2030-жылга чейин дагы 44 МВт кубаттулуктагы чакан ГЭСтердин ишке кирүүсү пландалууда. Эгемендүүлүк алган күндөн тарта мамлекеттин башына келген жетекчилер азыркыдай иштегенде, бүгүн энергия булагын күргүштөтүп экспорттогон деңгээлге жетмекпиз. Аттиң деп, мына азыр бармак тиштеп отурабыз. Элди ойлобогон жетекчилер ичип-жегенден башканы билген эмес экен да…

Зулпукаар Сапанов