Ак-Терек айыл аймагынын башчысы Жыргалбек Зарнаев белгилегендей, учурда аткарылып жаткан долбоорлор жана иш-чаралар айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз салым кошуп, элдин жашоо-шартын жакшыртууга багытталган. «Биздин негизги максатыбыз – жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү жана билим берүү, маданият сыяктуу маанилүү тармактарда сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу. Бул багыттагы иштер айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү коомчулуктун биргелешкен аракети менен ишке ашырылууда. Мындай долбоорлор бир гана учур менен чектелбестен, мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат» — дейт Жыргалбек Жакшылыкович. Ошондой эле келечекте дагы жаңы демилгелерди ишке ашыруу пландары бар экенин баса белгилеп, айыл аймагынын өнүгүүсү үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн ырастап, биз менен болгон маегинде төмөндөгүлөргө токтолду.
— Жыргалбек Жакшылыкович, аймакта социалдык тармак боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып жатыпсыздар. Бул долбоорлордун негизги багытына токтолуп өтсөңүз…
— Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагында 2025-жылга карата билим берүү, маданият жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу багытында бир катар маанилүү иштер жүрүп жатат. Бул багытта Ак-Терек айыл аймагында 2024-жылдын аягында дем берүүчү гранттын алкагында үч ири долбоор даярдалып, райондук финансы бөлүмүнө өткөрүлгөн. 2025-жылы бул долбоорлор Министрлер Кабинети тарабынан жактырылып, аймак үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Учурда Кызыл-Туу айылындагы М.Жумаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин ашканасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, Көл-Төр айылындагы Ж.Айтикеев атындагы мектептин жылуулук системасын толугу менен оңдоо, Ала-Баш айылындагы айылдык клубду капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Кызыл-Туу айылындагы М.Жумаев атындагы мектептин ашканасын капиталдык ремонттоонун сметалык баасы 3 млн 32 миң 650 сом деп белгиленсе, тендердин жыйынтыгында 2 млн 892 миң 993 сомго ишке ашыруучу компания тандалды.
Көл-Төр айылындагы Ж.Айтикеев атындагы мектептин жылуулук системасын жаңылоо долбоорунун сметалык баасы 3 млн 673 миң 970 сомду түзсө, ал эми тендерден уткан сумма 3 млн 34 миң 289 сом болду.
Мындан сырткары, Р.Жангазиев, М.Кидибаев, Н.Садыков жана И.Текеев атындагы жалпы билим берүү мектептерине ар бирине 10дон видеокөзөмөл камерасы орнотулуп, бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 272 350 сом бөлүндү.
Көл-Төр айылындагы Ж.Айтикеев атындагы мектептин ажатканасын салууга Тоң өнүктүрүү фондунан 200 000 сом каралып, тендердин жыйынтыгы боюнча 182 710 сомго курулуш иштери бүткөрүлүп, санитардык шартты жакшыртуу жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүдө чоң салым болду.
Комсомол айылында 175 орундуу жаңы мектептин курулушу башталууда. Бул долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендер өткөрүлүп, келишим түзүлдү. Азыркы тапта курулуш иштери толук масштабда башталууга даяр.
Кызыл-Туу айылындагы айылдык китепкана да көңүл сыртында калган жок. Китепканага керектүү жабдуулар алынып, бул иштер үчүн жергиликтүү бюджеттен 21 233 сом бөлүндү.
Ала-Баш айылындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонтунун сметалык баасы 4 млн 999 миң 955 сомду түзсө, тендер жыйынтыгы боюнча 4 млн 294 миң 96 сомго оңдоп-түзөө жүргүзүлмөкчү. Тогуз-Булак айылындагы маданият үйүнө 220 орунга ылайык театралдык отургучтар жасалып жатат. Бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 666 000 сом бөлүндү.
Кара-Коо айылындагы К.Исаков атындагы маданият үйүнүн терезелери жаңыланып, оңдоо иштери жасалды. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 40 847 сом жумшалса, терезелерге жалюзи алуу үчүн кошумча 39 984 сом каралды.
— Сиздердин аймакта бала бакчаларга өзгөчө көңүл бурулуп, бир топ иштер жасалып жатыптыр. Булар боюнча айта кетсеңиз?
— Ооба, быйыл биздин аймакта бала бакчалар боюнча жакшы иштер жүргүзүлүп жатат. Комсомол айылында февраль айында 50 орундуу бала бакча ишке берилип, аймактагы ата-энелер үчүн чоң кубаныч тартууланды. Бул курулушка жалпы 22 307,8 миң сом жумшалып, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 10 038,5 миң сом, Катар фондунан 11 000, 0 миң сом, Тоң райондук өнүктүрүү фондунан 1 269,3 миң сом бөлүнгөн. Ошол эле учурда бала бакчага керектүү буюмдарды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 48 550 сом бөлүндү.
Тогуз-Булак айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Анын сметалык баасы 88 270,3 миң сомду түзүп, толук каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлүүдө.
Коңур-Өлөң айылында 50 орундуу бала бакча курулуп бүтүп, үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда салтанаттуу ачылышы өттү. Долбоордун наркы 35 млн 322 миң 826 сом болду. Бул бакчага эмеректерди алуу үчүн райондук өнүктүрүү фондунан 419 100 сом, жергиликтүү бюджеттен 101 915 сом бөлүндү.
Мындан тышкары, Кызыл-Туу айылында 150 орундуу эки кабаттуу бала бакчанын курулушу үчүн жер маселеси чечилип, алгачкы иштер башталды. Кара-Коо айылында да 250 орундуу бала бакча курууга даярдык көрүлүп, тиешелүү документтери бүткөрүлдү. Долбоорду мамлекеттик бюджеттен каржылоо пландалууда.
Бар-Булактагы №6 бала бакчанын учурдагы оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 23 043 сом, Кара-Коодогу №8 бала бакчага жергиликтүү бюджеттен 22 440 сом бөлүнүп, керектүү курулуш материалдары алынды. Көл-Төрдөгү №9 бала бакчага балдар ойноочу беседка үчүн материалдар алынып, жергиликтүү бюджеттен 67 736 сом жумшалды.
Коопсуздукту камсыздоо максатында Кара-Коо, Бар-Булак жана Көл-Төр айылдарындагы бала бакчаларга ар бирине 7ден видеокөзөмөл орнотулду. Бул иштер үчүн 173 000 сом жергиликтүү бюджеттен каралды.
Саламаттыкты сактоо тармагы да көңүл сыртында калбастан Бар-Булак айылына жаңы ФАПтын жери аныкталып, документтери бүткөрүлдү. Ошондой эле бул айылдагы ФАПка өрт өчүрүүчү щит орнотулуп, жергиликтүү бюджеттен 13 800 сом бөлүндү. Кара-Коо айылындагы ооруканага септик салуу боюнча тендер жарыяланып, курулуш иштери 4 млн 900 миң 520 сомго жүргүзүлмөкчү. Кызыл-Туу айылындагы ФАПтын айланасы тосулуп, жергиликтүү бюджеттен 150 890 сом каралды.
— Бүгүнкү күндө айылдарда ирригация, ички жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча да алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Сиздерде да бул жаатта иштер жүрүп жатса керек?
— Көчөлөрдү жарыктандыруу багытында Ала-Баш, Дөң-Талаа, Комсомол айылдарына 50 прожектор коюлуп, буга жергиликтүү бюджеттен 56 500 сом сарпталды.
Ички жолдор боюнча Кара-Коо айылынын 4 көчөсүнө кум төшөлүп түздөлсө, Бар-Булак айылынын 1 көчөсү оңдолду. Жергиликтүү бюджеттин эсебинин күйүүчү май бөлүнүп, Бар-Булак пансионатына баруучу 4 км жол аралыгы грейдер техникасы менен тегизделди. Тогуз-Булак, Дөң-Талаа, Комсомол айылдарынын ар биринде 2 көчөгө кум-шагыл төшөлүп, түздөө иштери жүргүзүлдү.
Ирригация боюнча Кара-Коо айылындагы суу кетүүчү арыктарга 5 түтүк салынып, Кара-Коо жана Кызыл-Туу айылдарынын 230 га айдоо жериндеги суу баруучу шлюз толук ремонттон өтүп, көпүрө оңдолду.
Көкүчкөн суу сактагычы боюнча документтер даярдалып, курулуш боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кызыл-Туу айылындагы арыктарды экскаватор менен тазалап, Тогуз-Булак айылында сел коркунучуна каршы 2,2 чакырым дамба бекемделди.
ӨКМ тарабынан Кызыл-Туу айылындагы узундугу 3,7 чакырым болгон Ак-Терек суусунун сайын тазалоо, Коңур-Өлөң суусундагы 1,8 чакырым дамбаны бекемдөө иштери жүрсө, Көл-Төр суу сактагычында механикалык тазалоо иштери жергиликтүү бюджеттин каражатынын негизинде аткарылды.
Кызыл-Туу, Кара-Коо, Бар-Булак айылдарына асбест трубалар жана шакекче алынып зарыл болгон жерге коюлса, буга жергиликтүү бюджеттен 219 700 сом жумшалды.
Бар-Булак пансионатындагы 9,96 га жердин 1,2 га жерин 15 жылга ижарага берүү боюнча конкурс өткөрдүк. Бул жакка курула турган туристтик курулуштун долбоору Өкмөт түзгөн долбоор менен ишке аша турган болууда. Ошондой эле пансионаттагы ажаткананы жабдуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 102 860 сом бөлүнүп, керектүү материалдар менен камсыздалды.
— Аймактарда таза суу көйгөйү курч бойдон турат. Бул багытта кандай иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат?
— Аймагыбыздагы Ала-Баш айылы үчүн эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири болгон таза суу маселеси акырындык менен чечилип жатат. Учурда ФСДС уюмунун колдоосу менен таза суу системасын реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Жалпы суммасы 1 800, 0 миң сом болсо, анын ичинен 380, 0 миң сом өздүк салым катары тартылды.
Кара-Коо айылындагы «Бакберген» айылдык суу бирикмесинин суу резервуарынын тегерегин тосууга жергиликтүү бюджеттен 96 776 сом бөлүнүп, коопсуздукту камсыз кылуу чаралары көрүлдү.
— Жыргалбек Жакшылыкович, Мамлекет башчыбыз дени сак коом курууну, аймактарды жашылдандырууну ар дайым демилгелеп келет. Сиздерде бул жаатта да иштер жүрүп жатса керек?
— Ала-Баш айылында кичи футбол аянтчасынын капиталдык ремонту кызуу жүрүп, ага Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун колдоосу менен 986 708 сомго курулуш материалдары алынды.
Көл-Төр айылындагы кичи футбол аянтчасынын курулушу да соңуна чыгып, аянтча жаштардын сүйүктүү жайына айланганы турат. Бул долбоор Президенттик фонд тарабынан каржыланып, айыл өкмөтү тарабынан колдон келген жардам көрсөтүлүп, жергиликтүү бюджеттен 73 365 сом оңдоо иштерине бөлүндү.
Аймакта тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кара-Коо айылында милиция бөлүмчөсү салынууда. Бүгүнкү күндө ал жактын жери такталып, тиешелүү документтери бүткөрүлүп, курулуш иштери башталды.
Ал эми Президентибиздин “Жашыл мурас” демилгесинин алкагында Ак-Терек айыл аймагында чоң иштер аткарылды. Айта кетсек, Кара-Коо жана Кызыл-Туу айылдарынын чоң жол жээгине ийне жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү тигилди. Бул ишке жергиликтүү бюджеттен 73 360 сом бөлүнсө, айыл өкмөт тарабынан 50 түп туя, 150 түп арча, 150 түп балаты алынып берилди.
Бул багытта демөөрчүлөр да четте калбастан Эрмек Мамырканов өз демилгеси менен 100 000 сом каражат бөлүп, 50 түп карагай тигүүгө көмөк көрсөттү. Жалпысынан бул иштер үчүн жергиликтүү бюджеттен кошумча 105 000 сом, Тоң райондук өнүктүрүү фондунан 400 000 сом бөлүнүп, жол жээгин кооздоо үчүн материалдар алынууда. Кара-Коо, Кызыл-Туу айылдарынын жол жээгинде тигилген ийне жалбырактуу бак-дарактарды коргоочу тосмолор да курулуп, ага жергиликтүү бюджеттен 96 575 сом жумшалды.
Тарыхый мурастарыбызды коргоо боюнча Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ак-Терек айыл өкмөтү аймактагы эстеликтерди жаңыртуу иштерин жүргүздү. Кара-Коо айылындагы эстеликти оңдоого жергиликтүү бюджетен 76 740 сом, ал эми башка айылдардагы эстеликтерди калыбына келтирүүгө 59 625 сом жумшалды.
Кенже Осмоналиева