"Эркин-Тоо"
Гезиттер Жаңылыктар

Жүрөк дартына каршы жаңы камылгалар

Бишкекте кардиологиялык кызматтарды жакшыртуу, анын заманбап моделдери жана келечеги талкууланган тегерек стол өттү. Иш-чара М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Россиянын Е.Чазов атындагы Улуттук кардиологиялык изилдөө борборунун кызматташуусунун алкагында уюштурулган. Бул иш-чарага кыргызстандык кардиологдор жана Россиянын Улуттук кардиологиялык медицина изилдөө борборунун башкы директору Сергей Бойцов катышышты. Мында эки өлкө ортосунда жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр ооруларын заманбап дарылоо моделин түзүү маселелери талкууланды.

Оору жашарууда

Иш-чарада Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын (ЖКТО) жүгү жана өлүм көрсөткүчү жогору экенин айтты. «Тилекке каршы, жүрөк жана кан тамыр оорулары жашарып бара жатат. Айрыкча эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдардын өлүмүнүн жогору болушу кооптондурат. Жыл сайын 30 жаштан 60 жашка чейинки болжол менен 20 миң адам жүрөк-кан тамыр ооруларынан мезгилсиз көз жумууда. Андыктан кардиологиялык кызматты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда», — деди ал.

Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыр оорулары калктын өлүм көрсөткүчүнүн 52%ын түзөт. Дарыгерлер жүрөк-кан тамыр ооруларынын негизги себептери тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги, ашыкча дене салмагы, кан басымдын жогорулашы жана кандагы канттын, холестериндин көлөмүн көзөмөлдөөнү белгилешет.

«Дени сак жүрөк» улуттук программасы

Өлкөбүздүн башкы кардиологу Талант Сооронбаев Кыргызстанда «Дени сак жүрөк» улуттук программасы ишке ашырылып жатканын билдирди. “Программанын негизги максаты – кардиология борборунун базасында жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластеринин жаңы моделин түзүү болуп эсептелет” дейт.

Эске салсак, жакында Улуттук кардиология жана терапия борборунда жаңы эл аралык деңгээлдеги рентгенхирургиялык эксперттик борбор түзүлдү. Аны менен катар «Курч миокард инфаркты 24/7» программасы ийгиликтүү ишке киргизилген. Анын натыйжасында миңден ашык бейтап өз убагында жардам алып, толук кандуу жашоого кайтып келишүүдө. Бүгүн Улуттук кардиология жана терапия борборунда бейтаптар үчүн жогорку технологиялуу медициналык жардамдар, стенттер жана электрокардиостимуляторлор коюлуп, заманбап операциялар жасалып келет. Кардиологиялык кызматтарды дагы да жакшыртуу мезгил талабы экенин дарыгерлер баса белгилеп келишет.

Аймактагы борборлорго көңүл бурулат

Ушу тапта өлкө аймактарындагы кардиологиялык борборлорду өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Быйыл Талас, Нарын, Балыкчыда бейтаптарга кардиологиялык кызматтар кеңейтилет. Бул үчүн аймактардагы борборлорго зарыл болгон жабдуулар сатып алынып, жакын арада орнотулары күтүлүүдө. Мындан тышкары, райондук деңгээлде жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, эрте диагностика жана дарылоо боюнча интеграцияланган системаны түзүү иштери башталды. Бул үчүн санариптик технологиялар колдонулат. Натыйжада алыскы айылдарда да дарыгерлер курч инфарктты тез аныктап, борбордун адистери менен бирге бейтапка кайсы жерде жардам көрсөтүлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат. «Учурда биздин “Дени сак жүрөк” программасы Президенттик Администрациянын кароосунда турат. Аталган программанын алкагында 2030-жылга чейин жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдү 25%га чейин кыскартууну жана болжол менен 5 миң адамдын өмүрүн сактап калууну максат кылуудабыз. Биз үчүн эң башкысы – ар бир Кыргызстандын жараны үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапатын кымсыздоо», — дейт башкы кардиолог Талант Сооронбаев.

 

Мээрим Бактыбек кызы