"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жерде магниттик бороондор башталды

Жерде планетардык масштабдагы магниттик бороондор каттала баштады. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космос изилдөө институтунун Күн астрономиясы лабораториясы Telegram каналында маалымдады, деп жазат РИА Новости.

«Жер бетинде, расмий түрдө, глобалдык станциялар тармагынын маалыматына ылайык, магниттик бороондор башталды. Жакынкы сааттарда геомагниттик көрсөткүчтөр дагы жогорулашы ыктымал, анткени айрым станциялар G2-G3 деңгээлинде бороон күчөп жатканын көрсөтүп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, түндүк жарыктары (авроралар) негизинен Скандинавия өлкөлөрүндө жана Канаданын аймагында байкалууда. Ал эми Россияда мындай көрүнүш азырынча кеңири байкала элек. Бирок өлкөнүн түндүк-батыш аймактарында жарыктардын айрым бөлүктөрү байкалышы мүмкүн экенин лаборатория кошумчалады.

Буга чейин окумуштуулар Күндөн эки ири плазма эмиссиясы катталганын жана жылдыз бетинде күчтүү тутануу болгонун билдиришкен. Алардын бири Меркурий менен Венера тарапка багытталган болсо, экинчиси түздөн-түз Жерди көздөй келе жаткан. Ушул экинчи булут магниттик бороонду пайда кылган негизги себеп деп болжолдонууда.

Окумуштуулардын айтымында, мындай көрүнүштөр энергетикалык системаларга, байланыш жана навигациялык түзүмдөргө таасирин тийгизиши мүмкүн. Айрыкча, кыска толкундуу байланыштарда үзгүлтүккө жана электр тармактарында чыңалуу көйгөйлөрүнө алып келери айтылууда. Мындан тышкары, бул бороондор канаттуулардын жана жапайы жаныбарлардын миграция жолдорун өзгөртүшү мүмкүн.

Адамдардын ден соолугуна түздөн-түз тийгизген таасири тууралуу азырынча так илимий тыянак чыга элек.