Агартуу министрлиги Министрлер Кабинетинин «Башталгыч билим берүү программаларын ишке ашырган жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү» жана «Өкмөттүк акселераторлор жөнүндө» буйруктарын аткаруу максатында лицензия алуу мөөнөттөрүн кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Жаңы тартипке ылайык, лицензия алуу үчүн арыздарды кароо мөөнөтү 30 күндөн 20 күнгө чейин кыскартылды. Лицензиялык кеңеш жоюлуп, лицензияга чейинки текшерүү алынган. Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтеринин корутундуларды берүү мөөнөтү кыскартылууда. Санариптик өнүктүрүү министрлиги лицензиялоо процессин автоматташтыруу үчүн тутумду иштеп чыгууда.
Талаптарга жооп берген документтерди тапшыруучу жеке менчик мектептердин ачуу демилгечилери лицензияны тез жана ыңгайлуу алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул үчүн аймактык билим берүү органдарына же Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына кайрылса болот.
Агартуу министрлиги ишкерлерди, инвесторлорду жана жарандык коомду жеке менчик билим берүү тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырат.

