"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш «CASA-1000» долбоору боюнча кошумча каржылоону колдоду

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде «CASA-1000» долбоорун кошумча каржылоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, бир добуштан колдоого алынды. Демилгечи — Министрлер кабинети.

Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбековдун билдиришинче, мыйзам долбоору энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, энергетикалык системанын туруктуулугун камсыздоо, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, экспорттук потенциалды өнүктүрүү жана генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү максатын көздөйт.

Кошумча каржылоонун жалпы суммасы 9 миллион евро болуп, келишимдин мөөнөтү 29 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 8 жыл, пайыздык чени 3,6% чейин деп белгиленди.

Ошондой эле комитет «Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.