"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Садыр Жапаров Кытайда Экинчи дүйнөлүк согуштун Жеңишинин 80 жылдыгына арналган парадга катышты

Бүгүн, Президент Садыр Жапаров  Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу парадга ардактуу конок катары катышты.

Иш-чарага 20дан ашуун мамлекеттин жана өкмөт башчыларынын делегациялары катышып, тарыхый окуялар эскерилди. Параддан мурун делегациялар Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү.

Парад учурунда мамлекеттик тууларды көтөргөн аба эшелондору учуп өтүп, андан кийин жөө аскерлердин параддык бөлүктөрү, аскердик желектерди алып жүргөн бөлүктөр жана Кытайдын заманбап аскердик техникасынын колонналары Тяньаньмэнь аянтын кыдырып өттү. Салтанат аскердик учактардын эскадрильясынын учуусу менен аякталды.